Садыр Жапаров мыкты студенттерге президенттик стипендияларды тапшырды

«Сиздер Кыргызстандын келечегисиздер! Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар. Бул улуу милдет жана чоң жоопкерчилик», — деди Садыр Жапаров бүгүн, 14-декабрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө.

Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болушту. Мамлекет башчысы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өлкөбүздүн алдыңкы жогорку окуу жайларында терең билим алып, башка жаштарга үлгү болуп, президенттик стипендияга татыктуу болгонуңуздар баарыбызды кубандырат. Сиздер Кыргызстандын эң мыкты студенттери экениңиздер талашсыз. Албетте, бул ийгиликке эмгекчилдигиңиздер, намыскөй эркиңиздер жана бийик атуулдук сезимиңиздер аркылуу жеттиңиздер деп эсептейм. Өз кезегинде орустун атактуу дарыгер-хирургу Николай Пирогов «Жаштар — биздин барометр» деп так жана таамай аныктама берип кеткен экен. Бул — калетсиз айтылган учкул сөз. Деги эле мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшү коомубуздун тазалыгына жана жаш муундардын алган сапаттуу билимине, тандаган кесибине, маданиятына, ыйман-ынсабына түздөн-түз көз каранды», — деди ал.