Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге (Франция Республикасы) келди.
Мамлекет башчынын борту “Ле Бурже” эл аралык аэропортуна конду. Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.