Садыр Жапаров: «Ондон ашык контейнери бар мурдагы чиновниктер да бар»

Садыр Жапаров «Жолугушуу учурунда бир топ адам салыктын бир нече түрүн төлөп келерин айтышты. Ошол эле учурда мамлекет тараптан кур дегенде базарда башка өлкөлөрдүн базарларындагыдай шарт түзүп коюшпайт “кышы суук, жайы ысык” деген дооматтарын билдиришти» деген суроого жооп берди.

«Бул дооматтары эң туура. Албетте, биринчи кезекте мамлекет эмес, 30 жылдан бери ошол базар ээлери, контейнер ээлери шарт түзүп бериш керек эле. Ал эми Өкмөт болсо ошону уюштуруштун үстүндө иштеш керек болчу. Мына эми биз азыр ошол уюштуруу иштерин колго алып баштадык. Ар бир контейнер үчүн базар ээси жер акысын алса, контейнер ээси олчойгон ижара акысын алып келет. Ошолор шарт түзүп бериш керек эле да. Керек болсо өнүккөн өлкөлөрдөй килейген имаратттарды куруп, жабык базар салып бергенге кудуреттери жетмек.

Элестетиңиздер, ар бир контейнерден ижара акысы деп 3000 доллардан 13000 долларга чейин алышат. Же андан бир доллар салык төлөбөйт. Ондон ашык контейнери бар мурдакы чиновниктер да бар. Сот, прокурор, УКМКнын кызматкерлеринин дагы контейнерлери бар деген маалыматты кечээ мен эл арасынан алдым.

Базар ээлери болсо ар бир контейнер үчүн жер акысы деп 2000 сомдон 10 миң сомго чейин алышат. Базарда жалпысынан 20 миңге жакын контейнер бар. Биз эми ошол байларга салык төлөтөлү, кедейлерди салыктан бошотолу, эң жок дегенде орто байларга теңелип алсын деп жатабыз», — деди ал.