Шаршемби, 16.07.2025
Бишкек booked.net
+22...+36° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Орунтаевди эмне үчүн Франциянын курортуна жөнөткөнүн айтты

09:40 23.01.2025
0
Садыр Жапаров Орунтаевди эмне үчүн Франциянын курортуна жөнөткөнүн айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, «Жаңы жылдык эс алуу күндөрүндө сиз Орусиянын Алтай крайындагы “Манжерок” курортуна барганыңызды, жакынкы аралыкта биздеги “Үч чоку” лыжа базасын курууга сынак жарыяланарын Фейсбуктагы баракчаңыз аркылуу билдирдиңиз. Ушул сапарыңыз тууралуу айтып өтсөңүз?» деген суроого жооп берди.

«Ооба, эки күн Алтайдын “Миңжүрөк” курортунда болдум. Ал жакка барганымдын себеби – жөн гана эс алып келүү эмес, лыжа базасынын курулушун өз көзүм менен көрүп, таанышуу болду.

Декабрь айында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди үч кызматкери менен Франциянын белгилүү “Куршевель” лыжа базасына жибердим. Аларды ал жакка бардык чыгымдарын демөөрчүлук фондуман төлөтүп, “Курортту толук изилдеп, маалымат алып, өз көзүңөр менен көрүп келгиле” деп жибердим. Алар барып келгенден кийин көздөрү ачылды. Жаңы идеялары пайда болду.

Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздө кышкы туризмди өнүктүрүүгө чоң түрткү бере турган дымактуу ири долбоорду баштоонун алдында турабыз.

Бул – “Үч чоку” аталган лыжа комплексин куруу. Эгер азыр айтылуу касиеттүү Ысык-Көлдө “Кумтөр” бүтүндөй мамлекетти багып жаткан болсо, бул курорт экинчи “Кумтөр” болот. Тамчы аэропортунун айланасында жүрүп жаткан курулуштар үчүнчү “Кумтөр” болот. Кызыл-Омпол төртүнчү “Кумтөр” болуп, мамлекетибизге миллиарддаган долларларды берет. Ошондуктан “Үч чоку” курорту башталышы гана.

Жогоруда айткан “Миңжүрөк” курорту жаңы салынган эс алуу жайы экен. Жарымы (50%ы) курулуп бүтүп калыптыр, калган жарымы курулуш стадиясында экен. Мага ал жакта инфратүзүм, тейлөө жагын жолго коюу, конок үйлөрүн куруу жана жайгаштыруу өңдүү маселелерди жеринде көрүү маанилүү болчу. Азыр эми башкы архитекторду баш кылып, курулушчуларды төш кылып ал жака да жөнөтүп жатам. Барып өз көздөрү менен көрүп келишсин.

Биз ири долбоорду ишке киргизгенге чейин дүйнөлүк тажрыйбаны толук иликтейли, алардын кемчилиги болсо, биздин долбоорду ишке ашырууда ошол кемчиликтерди кетирбейли, артыкчылыктарын өзүбүздүн долбоорго кошолу деп атабыз. Ошондуктан жакынкы-алыскы мамлекеттердеги лыжа базаларын жакшылап иликтеп, өз көзүбүз менен көрүп келип, жети өлчөп бир кесели деп дүйнөлүк тажрыйбаны карап жатабыз.

“Үч чоку” боюнча айта турган болсок, бул долбоор Кудай буюрса, Борбор Азиядагы эң узун трассага ээ ири лыжа комплекси болот. Үч трассанын жалпы узундугу 250 чакырым болот. Дүйнөлүк масштабдагы мелдештерди өткөрсөк болот.

2026-жылы Жыргалаң тарабындагы трассасын ишке берсек, 2027-жылы Ак-Булак жагындагы трасса бүтөт, 2028-жылдын декабрында буюрса, Боз-Учук тараптагы үчүнчү лыжа трассасы колдонууга берилип, Үч чоку трассалары бири-бири менен биригет. Ошентип Орто Азиядагы эн ири лыжа курорту бизде болот.

Ал эми жалпысынан бул долбоордун инфраструктурасы толугу менен 7-8 жыл аралыгында бүтөт деп турабыз», — деди өлкө башчысы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Байышбек Астанакулов Талас районунун акими болуп дайындалды

Байышбек Астанакулов Талас районунун акими болуп дайындалды

Автор Эдита Ильясова
11:52 16.07.2025
0

Байышбек Астанакулов Талас облусунун Талас районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол...

Мирлан Камчыбеков Ак-Талаа районунун акими болуп дайындалды

Мирлан Камчыбеков Ак-Талаа районунун акими болуп дайындалды

Автор Эдита Ильясова
17:18 15.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Камчыбеков Мирлан Мамырбекович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп...

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
21:17 14.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда Чолпон-Ата шаарында «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондук кластерин куруу боюнча даярдык иштеринин жүрүшүнө арналган жумушчу кеңешме...

Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:57 14.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары...

Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

Автор Алтынай Тынышова
12:59 14.07.2025
0

Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. "Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Камчыбек Ташиев Сокулукка барып, айыл өкмөт башчыны камоону тапшырды (видео)

Камчыбек Ташиев Сокулукка барып, айыл өкмөт башчыны камоону тапшырды (видео)

10:23 16.07.2025
«Кечирип койгула, оңдоп берем». Жамалбек Ырсалиевдин ишмердүүлүгү текшерилет (видео)

"Кечирип койгула, оңдоп берем". Жамалбек Ырсалиевдин ишмердүүлүгү текшерилет (видео)

13:01 16.07.2025
Алмазбек Атамбаевдин кызы жолдошу менен эки жолго түшкөнүн билдирди

Алмазбек Атамбаевдин кызы жолдошу менен эки жолго түшкөнүн билдирди

09:30 16.07.2025
17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:51 16.07.2025
Августта күн адаттагыдан ысыгыраак болот

Августта күн адаттагыдан ысыгыраак болот

17:41 16.07.2025
Эсептөө палатасынын башкы инспектору кармалды

Эсептөө палатасынын башкы инспектору кармалды

16:56 16.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү