Садыр Жапаров: «Үй-бүлөлүк зомбулук өткөн жылга салыштырмалуу 21 пайызга өстү»

Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук 21 пайызга өскөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров республикадагы кеңешмеде билдирди.

«Акыркы кезде үй-бүлөлүк зомбулук күч алган фактылар көп кездешүүдө. Статистикалык маалыматтарга таянсак, үй-бүлөлүк зомбулук өткөн жылдарга салыштырмалуу 21 пайызга өскөн. Бул көрсөткүч балдарга карата, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жаатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү иштер жетишерлик болбой жатканынан кабар берет. Бул багыт боюнча тез аранын ичинде чаралардын көрүлүшүн талап кылам», — деди ал.