Садыр Жапаров Өзбекстанда саммитке, ал эми жубайы форумга катышат

Президент Садыр Жапаров 8-9-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарына Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат.

Өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде региондогу мамлекеттердин социалдык-маданий, илимий-техникалык өнүгүү боюнча мамилелердин ар кандай аспектилеринде өз ара пайдалуу аймактык экономикалык кызматташтыкты жана өз ара жардамдашууну түзүү аркылуу экономикалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этаптуу интеграциялоону талкуулашат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө – Азербайжан, Иран, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстан, Пакистандын өкмөт башчылары катышат.

Саммиттин алкагында Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата «Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү — балдар жана жаштар иш-аракетте» темасында эл аралык форум өтөт, ага Кыргыз Республикасынын президентинин жубайы Айгүл Жапарова катышат.