Садыр Жапаров: «Өзүн эркин журналистмин деп алгандардын илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок»

«Ошол Клооп баш болгон башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин деп алышкан Эшмат-Ташматтарга кайрылуу менен баштайм». Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-августта «Кабар» сайтында жарыяланган маегинде дагы бир ирет айрым журналисттердин ишин сындап өттү.

«Ошол Клооп баш болгон башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин деп алышкан Эшмат-Ташматтарга кайрылуу менен баштайм. Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп, өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар. Ташиев-Жапаровдор өлкөдөн тышка ташыбай, тыштан өлкөгө ташып келип жатканына сүйүнбөйсүңөрбү. Өлкөнү тоноп, тышка ташыгандардын, башка өлкөлөргө жүздөгөн миллион долларларга завод-фабрика кургандарды, чет өлкөдөн вилла, квартира сатып алгандарды деле мактап жазып жүрчү эмес белеңер. Албетте, алар силерге мамлекеттин, элдин эсебинен акча төлөп турушчу. Ошол үчүн мактачусуңар. Биз элдин акчасын силерге төлөй албайбыз. Элдин акчасы элге болуш керек!» — дейт өлкө башчысы.