Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга алдыдагы президенттик шайлоодо ийгилик каалады

Президент Садыр Жапаров кечээ, 16-мартта Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынына катышты. Ал кыргыз тарап Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы жогорку деңгээлдеги регулярдуу жолугушууларга чоң маани берерин белгиледи.

«Кыргызстан боордош Азербайжан тарап менен кызматташуунун бардык тармактарында мындан ары жигердүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенет», — деди мамлекет башчысы. Ал эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жана бекемдөө маселесине жеке көңүл бургандыгы үчүн Ильхам Алиевге ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге Садыр Жапаров боордош Казакстан менен эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жана эки тараптуу өнөктөштүгүбүздүн бекемделишине Касым-Жомарт Токаевдин кошкон жеке салымын белгилеп өттү. Президент Шавкат Мирзийоевдин  январь айында Кыргыз Республикасына болгон ийгиликтүү мамлекеттик сапарын канааттануу менен белгиледи. Ал тарыхый сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын негизги тилкелери боюнча сүйлөшүүлөр процесси ийгиликтүү аяктап, тиешелүү келишимге кол коюлуп, парламенттер тарабынан ратификацияланды. Ал эми Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде достук мамилелер жана кызматташуу жигердүү динамикада өнүгүп жатышын кубануу менен белгиледи. Президент бир тууган Түркмөнстандын жогорку делегациясынын Саммитке катышуусун белгилеп, Уюмдун келечекте кеңейишине ишеним жаратат деди. Кыргыз тарап Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду мамлекеттик сапары менен Кыргыз Республикасында чыдамсыздык менен күтөт.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга алдыдагы президенттик шайлоодо ийгилик каалап өттү.