Садыр Жапаров: «Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек»

“Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек!”. Бул президент Садыр Жапаровдун Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго берген тапшырмасы. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов жазды.

«Мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң жана кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча акыркы толук маалымат бар. Дал ушуга байланыштуу Садыр Жапаров жакында эле Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго ЭТТН боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырган.

Ошондой эле президент жалпысынан фискалдык саясатты элге кошумча жүк болбогудай, ошол эле учурда көмүскө экономиканын үлүшүн көбөйтпөй тургандай кылып иштеп чыгуунун максаттуулугун белгилеген. Жооптуу кызматкерлер мамлекет башчысына өз учурунда маалымат берип турушат», — деп айтылат маалыматта.