Шейшемби, 18.11.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койгонун айтып, кыргызстандыктарга кайрылды

17:47 21.01.2025
0
Садыр Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койгонун айтып, кыргызстандыктарга кайрылды

Өлкө башчыcы Садыр Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койгонун айтып, кыргызстандыктарга кайрылды.

«Бүгүн дин боюнча мыйзамга кол койдум. Бул мыйзамды каршы пикир менен кайтаруумду суранган, динди катуу карманган жарандарыбыз болду. Ошол эле мезгилде кол коюп күчүнө киргизишимди суранган, светтик көз караштагы жарандарыбыз да бар.

Светтик көз караштагы жарандарыбыз дагы Кыргызстанда динди катуу кармангандар менен бирдей эле санда экенин унутпайлы. Алар бейтааныш адамдар квартира-квартира, үймө-үй кыдырып, эшик каккылагандарга каршы экенин билдирип жатышат. Кыдырып келгендер кимдер экенин, колдорунда Муфтият, казыят, хатибият тарабынан берилген күбөлүктөрү барбы, кайсы агымга же уюмга үгүттөп жүргөнүн, ал агымдар биздин динибизге каршы келбейби деген суроолорго жооп алгысы келишет.

Мыйзамда бир эле талаш-тартыш жери бар. Ал – үймө-үй кыдыруу маселеси. Бизде ушул кыдыруу маселеси толук жолго коюла элек болуп жатат. Анткени кыдырууга чыкканга ким уруксат берет, кимдер кыдырууга чыга алат, билими кандай болуш керек, кимдер даават айта алат, кандай баракчаларды же китептерди таратса болот, аларды ким текшерүүдөн өткөрүп берет деген сыяктуу суроолор тартипке салына элек.

Үй-бүлө, бала-чакасын карабай, ачка таштап коюп 3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга чейин кыдырууга чыгып кеткен жарандарыбыз болуп жатат. Ушул кантип болсун. Үй-бүлөсүн, эң жок дегенде, тамак-аш менен толук камсыз кылып коюп анан кыдырууга чыкса болбойбу?

Дааватка эч ким каршы эмес. Дааваттан биз эч качан зыян көрбөйбүз. Азырынча мечиттерде айта бергиле, той-томолоктордо айткыла, жарандарды акыркы сапарга узатууга чогулган жерде айткыла, эл чогулган базарларда айткыла, кийин кыдыруу аркылуу да айткыла. Бирок ушул кыдыруу эрежесинин баарын Муфтият менен Аалымдар кеңеши жөнгө салып, кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазып, анан бизге сунуштасаңыздар кайрадан карап берели. Маселе жок.

Мен, мисалы, эч качан динге каршы чыкпайм. Себеби, өмүр бою динди катуу карманган молдонун, ажынын баласымын. Дин эмне экенин жакшы түшүнөм. Эгер мен азыр “Динди катуу кармангандардын назарынан калбайын, келечек эмне болсо ошол болсун” десем, каршы пикир менен бул мыйзамды кайтарып коёт элем. Бирок мен бул маселеге жөнөкөй жаран катары эмес, өлкөнүн президенти катары карап жатам. Бир күн менен же жеке кызыкчылык үчүн жашабайлы.

Радикалдар тараптан туура эмес агымга үндөй турган баракчаларды, китептерди тараткан учурлар акыркы убакта көп катталып жатат. Муфтият менен Аалымдар кеңеши тарабынан талаптарды коюп, эрежелерди так жазып, баарын ирээтке келтирип алып, анан үймө-үй кыдырууну улантсак мамлекетибиздин келечеги үчүн жакшы болот.

Алакандай кыргыз эли 33 агымга бөлүнүп кетиптирбиз. Аларды тизмектеп санап берейин.

Кыргызстанда сот тарабынан тыюу салынган жана ага карабай, ишмердүүлүгүн улантып жаткан агымдар:

1. Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами;

2. Ат-Такфир Валь-Хиджра;

3. Йакын Инкар;

4. Джабхат Ан-Нусра (Сирия аймагына чыгып кетишкен);

5. Катибат Аль-Имам Аль-Бухари (Сирия аймагына чыгып кетишкен);

6. Жаннат Ошиклари (Сирия аймагына чыгып кетишкен).

(Сирияга “джихад” кылабыз деп кетишкен 544 жараныбызды былтыр кайтарып келдик. Азыр алар мамлекеттин көзөмөлүндө реабилитациядан өтүшүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат).

Экстремисттик же террористтик делип сот тарабынан тыюу салынып, өлкөбүздө ишмердүүлүгү токтотулган агымдар: (Эгер чындап эле токтотушкан болушса? Балким булардын арасында тымызын иш жүргүзүп жаткандар да болушу мүмкүн)

1. Аль-Каида;

2. Чыгыш Түркстан Ислам Кыймылы;

3. Күрт элдик конгресси;

4. Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму;

5. Түркстан Ислам партиясы;

6. Мун чиркөөсү;

7. Жайшуль Махди;

8. Джундь-аль Халифат;

9. Ансаруллох;

10. Акромия;

11. Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү;

12. ИШИМ — Ирак, Шам Ислам Мамлекети (ИГИЛ);

13. Джамаат ат-Таухид валь-Джихад;

14. Жихад тобу.

Сот тарабынан тыюу салына элек агымдар: (Бүгүн ишмердүүлүгүн улантып жатышат)

1. Таблиги Жамаат;

2. Салафия;

3. Хизмет (Гюленчилер);

4. Нурджулар;

5. Сулайманжылар;

6. Ахмадия;

7. Кораниттер (Ахлуль Куран);

8. Братья Мусульмане;

9. Адвентисты седьмого дня;

10. Иёгова күбөлөрү;

11. Протестанттар;

12. Иисус Христос Чиркөөсү;

13. Саентологдор;

14. Теңирчилер.

Бул агымдарга кошулгандар күндөн-күнгө көбөйүп бара жатышат. Себеби, тыюу салынбаган агымдар тарабынан да ар кандай китеп, баракчаларды таратуу күндөн-күнгө күчөп жатат. Айрым учурларда тыюу салынган агымдар тарабынан да китептерди, баракчаларды, видео материалдарды тараткан учурлар катталып, кармалып жатышат.

Чын ниети менен кыдырууга чыккан жарандарыбызда кеп жок. Кеп кыдырууну жамынып алып, жарандарыбызды тымызын туура эмес агымга ээрчитип кетип жаткан ниети бузук уюмдарда болуп жатат. Мунун түбү жакшы эмес. Келечегибизге коркунуч жаратып бара жатат. Мусулман өлкөлөрдө (Мисалы Сирия жана башка мусулман өлкөлөрдө) мусулмандар эле бири-бири менен “менин уюмум туура, сенин агымың туура эмес” дешип таасир талашып кырылышып, миллиондогон мусулмандардын каны төгүлүп жатканын көрүп жатабыз го.

Ошол өлкөлөрдө илгертен бери мына бүгүнкү бизге окшоп ар кайсы чачыранды, радикал агымдарга бөлүнгөндөрүнүн кесепетинен келип чыгып жатат. Тарапташтарынын саны өскөңдөн кийин топ-топ болуп таасир талашмай. Албетте аларды кызыкдар болгон сырткы күчтөр да бирине-экинчисин тукуруп, козутууда. Канчалаган адамдардын каны төгүлүп кетти.

Ошондуктан алакандай кыргызстандыктар бир эле салттуу динибиз менен жашайлычы. Ушуну жолго койгонго муфтият менен дин аалымдары жардам бергиле да. Буга чейин бул маселеге эч ким көңүл бурган эмес экен. Кеч боло электе биз көңүл буралы.

Дин тармагыбызды ирээтке келтирип, Кыргызстаныбыздын түбөлүгүн түздөп, туура жолго багыт берип кетели. Мейли ким болбойлу, кайсы агымдын мүчөсү болбойлу баарыбыздын эле келечекте ушул мамлекетибизде тынч жашагылары келген бала-чака, небере-чөбөрөлөрүбүз бар го, акыры. Ошолордун келечегин ойлонолу.

Жакшы ниет менен жасап жаткан иштерди саясатка айландырбайлычы. Муфтият менен Аалымдар кеңешинен сунуш күтөбүз. Кыдыруу боюнча эрежелерди ийне-жибине чейин жазып, сунуш киргизгиле. Алардын так аткарылышына жана бир жолго салынышына мамлекет жардам берели. Сунушуңарды канчалык эрте берсеңер, ошончолук жакшы болот», — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Автор Айзада Тураркулова
16:22 10.11.2025
0

Президенттин буйругу менен шаар статусун алган Гүлчөгө мэр болуп Нурсултан Тажибаев дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, тиешелүү...

Садыр Жапаров Мисирдин президенти  Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Автор Айзада Тураркулова
15:01 05.11.2025
0

Каир шаарында Президент Садыр Жапаровдун Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма...

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 11.10.2025
0

Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берүү боюнча талкуу уланууда. Айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык...

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Автор Эдита Ильясова
14:04 09.10.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазды. "Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине...

Садыр Жапаров: «Сооронбай Жээнбеков 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кетти»

Элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек? Өлкө башчысынын жообу

Автор Эдита Ильясова
11:09 08.10.2025
0

2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Бул маанилүү окуяны утурлай, «Кабар» агенттигине президент Садыр Жапаров өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

11:03 18.11.2025
Бишкекте массалык мушташка катышкандар кармалды

Бишкекте массалык мушташка катышкандар кармалды

11:26 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

12:44 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

1
Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

16:28 18.11.2025
Акжол Махмудов Ислам оюндарында жарым финалга чыкты

Акжол Махмудов Ислам оюндарында жарым финалга чыкты

15:24 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

12:44 18.11.2025

АРХИВ

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
« Окт    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү