Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары менен учуп келди. Мамлекет башчынын учагы “Пулково” эл аралык аэропортуна конду.
КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин салттуу бейформал жолугушуусу Орусиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт.
Бул иш-чарага Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин катышуусу күтүлүүдө.