Садыр Жапаров «Шуша» жаңы турак жай комплексине барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда Азербайжан Республикасына иш сапарынын алкагында «Шуша» жаңы турак жай комплексине барды.

Объекттин курулушу 8 гектар жер аянтында жүргүзүлүп, көчүп келгендерге арналган 23 имараттан турат. Андан соң Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери менен биргеликте Шуша шаарынын курулуп жаткан борбордук мечитин, ошондой эле шаардын тарыхый көрүнүшүн калыбына келтирүү максатында имараттар жергиликтүү архитектуралык стилде салынып жаткан калаанын борборундагы жаңы кварталды көрүп чыкты.