Садыр Жапаров Сузакта “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 миллион кВт/саат энергия иштеп чыгат.
Мамлекет башчысы бул гидроэлектростанция аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгиледи. Ал ошондой эле бул ГЭСтин кыска убакытта бүтүшүнө Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы чоң болгонун айтты. ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 миллион долларды түзөт. Бул сумманын жарымы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы, калган жарымы жеке инвестордун салымы болду. Президент өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын канааттандырууга жетиштүү экенин айтып өттү.
Садыр Жапаров “Бала-Саруу” ГЭСи, “Ысык-Ата” чакан ГЭСи сыяктуу ГЭСтер ишке берилгенин айта кетти. Ошондой эле ал ири “Токтогул” ГЭСинин экинчи агрегатын жана “Үч-Коргон” ГЭСинин төртүнчү агрегатын ишке киргизүү пландаштырылганын билдирди. “Исфайрам-1”, “Белес”, “Авлетим”, “Лейлек”, “Курак-Тектир”, “Адын-Үңкүр”, “Буйга”, “Кожо-Кайыр”, “Кара-Жыгач”, “Ленинполь” жана “Аманат” ГЭСтери да ишке кирүү алдында турат. Аталган ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 140 мегаваттка жакын болот.
Президент “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун да айтып, ага инвесторлор табылганын, суу байлыгын туура, үнөмдүү пайдалануу менен жакынкы келечекте өлкө өндүргөн электр энергияны экспорттоп баштай турганын белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле дарыялардын башында туруп, өлкө системалуу түрдө электр энергиясынын жетишсиздиги көйгөйүнө туш болгонун баса белгиледи. Ал эми акыркы эки жылда ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында абалды жакшыртып, олуттуу кадамдарды жасады. Сөзүнүн аягында президент аталган долбоорду ишке ашырууга салым кошкондугу үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, өкмөт мындай гидроэлектростанцияларды куруу үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын баса белгиледи.