Садыр Жапаров: «Тажикстан менен чек араны чечүүгө олуттуу киришип жатабыз»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда өлкөнүн Элдик курултайында сөз сүйлөдү.

«Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч жараткан соӊку окуялар ар бир кыргызстандыкты санаага салып, кабатырлантып келет. Ачыгын айтсак, кагылышууларда кан төгүлүп, чек арачылар менен жергиликтүү тургундардын кырчындай өмүрлөрү кыйылган бул каргашалуу окуялардын башкы себеби – чек ара тилкелеринин толук чечилбей, узакка созулуп келишинен болду. Бүгүнкү күндө 3 коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Ал эми коңшу Тажикстан менен чек араны чечүүгө олуттуу киришип, анын ыкчам чечилишине болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Биз кыргыздын бир укум жери үчүн өмүрүн аябаган эр-азаматтарыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз!» — деди ал.