Садыр Жапаров Татарстандын «Дуслык» ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарынын алкагында «Дуслык» ордени менен сыйланды. «Дуслык» ордени – Татарстан Республикасынын экинчи маанилүү мамлекеттик сыйлыгы.

Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Садыр Жапаровго аталган өлкөнүн эл аралык аброюн, Татарстан менен чет мамлекеттердин, Орусиянын башка субъекттеринин ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн, Татарстандын гүлдөп-өсүшүн өбөлгөлөгөн экономикалык, соода, илимий-техникалык, социалдык, маданий байланыштарды жана өндүрүш дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, натыйжалуу инвестициялык, кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн «Дуслык» орденин ыйгарды.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирип, «Дуслык» орденин Кыргыз Республикасына болгон жогорку урматтын белгиси катары баалай турганын белгиледи. «Бул жогорку сыйлык Кыргызстан, Татарстан жана Орусиянын ортосундагы бузулбас достуктун дагы бир символу болуп калсын», — деди Садыр Жапаров.