Садыр Жапаров Токтогулдагы “Кайнама” чакан ГЭСинин ачылыш аземине Курманкул Зулушев менен барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө “Кайнама” чакан гидроэлектростанциясын (ГЭС) ачты.

Токтогул районунда орун алган “Кайнама” ААК чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын ноябрында башталган. 2024-жылы кубаттуулугу 9,6 МВт болгон эки гидроагрегаты бар гидроэлектростанциянын курулушу аяктады. Мамлекет башчысы ГЭСтер каскадын курууга жумшалган 9 миллион 307 миң доллар инвестициялык каражат жөнүндө айтып берди. Бул суммага “Raffaisen Landesbank Steiermark” банкынын жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун салымдары кирет. Ал “Кайнама” чакан ГЭСи аймактын экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган Токтогул районунун ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болорун белгиледи.

Президент “Кайнаманын” жалпы кубаттуулугу 9,6 МВатты түзүп, жылына 39,2 миллион киловат/саат энергияны иштеп чыгарын айта кетти. Бул электр энергиясы менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жана Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочуларынын муктаждыгы канааттандырылат. Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкөнүн “Кайнама” чакан ГЭСине окшогон көптөгөн гидроэлектростанцияларды куруу жана ишке киргизүү үчүн потенциалы бар экенине токтолду. Ошондой эле Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи.