Садыр Жапаров туулуп-өскөн айылы Кең-Сууда ачкан мечиттин сүрөттөрү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Кең-Суу айылындагы мечиттин ачылышына катышкан.

«Мусталый уулу Нургожо Ажы» атындагы 1500 орундуу жаңы мечит эскисинин ордуна «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фондунун каражаттарынын эсебинен курулган. Бүгүнкү күндө анын айланасын көрктөндүрүү иштери аяктады. Садыр Жапаров жаңы мечит коомдо тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө себепкер болот деген ишенимин билдирип, жаштарды руханий адептүүлүккө, ислам дининин чыныгы баалуулуктарына умтулууга чакырды. Мамлекет башчысы заманбап мечиттин курулушун колдоп, ибадат кылууга жана динди окуп үйрөнүүгө бардык зарыл шарттарды түзгөн Саид Баюми жетектеген кайрымдуулук фондуна жеке өзүнүн жана айыл элинин атынан ыраазычылык билдирди.

Соңунда президент Садыр Жапаров кыргыз элинин бакубатчылыгы жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн дуба кылды.