Садыр Жапаров Түркияга барып келген айрым куткаруучулар сыйланарын айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кабыл алды. Мамлекет башчыга куткаруучулар тарабынан Түркияда жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат берилди.
Ажикеев ири кыйроолорго алып келген жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 120 адамдан турган атайын топ дароо Түркияга жөнөтүлгөнүн айтып берди. ӨКМ тарыхында биринчи жолу кыргызстандык куткаруучулар өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты. Министр Кыргызстандан барган куткаруучулардын командасы чоң иш аткарганын — өз өмүрүн тобокелге салып, куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкендигин баса белгиледи.
Мамлекет башчы министрге Түркиядагы издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Мындан тышкары, Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаз-жай мезгилине мүнөздүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү керектигине токтолду. Президент өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болушунча алдын алууга багытталган ыкчам чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.