Садыр Жапаров УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 17-июнда Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) бул облус боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты.

Президент буга чейин 1936-жылы салынган Талас башкармалыгынын эски имаратына жыл сайын аны оңдоп-түзөөгө кошумча каражаттар талап кылынып турганын эскерте кетти. Мындан тышкары, 1000 чарчы метрди түзгөн эски имаратта башкармалыктын кызматтык иш бөлмөлөрүнүн жетишсиздигинен бир кабинетте 2-3төн кызматкерлер отуруп иштеп келишкен.

Мына ошондуктан, Садыр  Жапаров белгилегендей, Талас башкармалыгынын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, кызматкерлердин ишине тиешелүү шарттар түзүлдү. Жаңы имараттын курулуш иштери өткөн жылдын 7-июнунда башталган эле.  Мына бүгүн, жалпы аянты 2000 чарчы метрди түзгөн Талас башкармалыгынын жаңы имараты бир жылдын ичинде баардык шарттары менен бүткөрүлүп, анын салтанаттуу ачылышы болуп отурат.