Садыр Жапаров уулу Рустамдын инвесторлорду тартып жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» сайтына берген маегинде уулу Рустам Жапаров инвесторлорду тартып жатканын айтты.

«92 гектар Кош-Көлдүн жерин дагы уттуруп жиберип олтуруп калабызбы деп Рустамды жиберип, көзөмөлдөтүп койдум. Курулуш аягына чыкканга чейин көзөмөлдөп, курулуштун баасын текшерип турат. Жибергеним жакшы эле болгон экен. “СК-девелопмент” курулушту аягына чыгара алмак эмес экен. Акчалары жок. РКФРдан кредит алабыз деп арыз беришкен экен. Алар баш тартып, беришпептир. Анткени тарыхы начар да. «Керемет банктан» насыя алып төкпөй кеткени бар. Азыр Рустам инвесторлорду тартып жатат.

Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип атышса керек. Бир инвестор келип, иш баштагандары боюнча кабарым бар. 


Биз 30 жылдан бери чукулашып олтурганда кошуна өлкөлөр космоско учуп атышат. Биз велосипед чыгара албай олтурабыз. Менин максатым кантип кыска убакта кошуналарды кууп жетебиз деген план менен иштеп жатам. Эң негизгиси Жапаров-Ташиевдер мамлекетке бир тыйын зыян келтирбейт. Муну көзөмөлдөгөнгө ал-күчүм жетет. Тескерисинче сырттан мамлекетке ташып келишээрине ишенем. Мурдакылардын катасын кайталабайбыз»,
— деди өлкө башчысы.