Садыр Жапаров: «Заманыбыздын чыныгы баатыры Камчыбек Ташиевге өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем!»

«Заманыбыздын чыныгы баатыры Камчыбек Ташиевге өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем!». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жаңы Ак Үйдүн ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди.

«Биз эң аялуу маселени – өлкөнүн чек ара маселелерин чечүүгө убада бергенбиз – бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси толугу менен чечилди, ал эми Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча аяктоо этабына келип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшөбүз деп убада бергенбиз. Аларга каршы кандай аёосуз күрөш жүрүп жатканын баарыңыздар билесиздер жана бул иш улана берет. Мына ушул жерден мен заманыбыздын чыныгы баатыры Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке өзгөчө ыраазычылыгымды жана терең урматымды билдиргим келет. Анын чечкиндүүлүгү, берилгендиги жана кайраттуулугу, улуттук коопсуздуктун ишине чексиз аракети эң жогорку баага татыктуу», — деди өлкө башчысы.