Садыр Жапаровду Азербайжанда кандай тосуп алышты? (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен барды.

Мамлекет башчынын борту Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна СПЕКАга мүчө мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди. Президент Садыр Жапаровду биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— gрезиденттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;

— Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.