Садыр Жапаровду Дубайда кандай тосуп алышты? Сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда иш сапары менен Дубай шаарына барды.

Мамлекет башчынын борту “Аль-Мактум” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду БАЭнин билим берүү министри Ахмад Белхул Аль-Фаласи тосуп алды.

Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат. Мындан тышкары, БАЭнин жетекчилиги жана эмираттык компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.