Садыр Жапаровду Казакстанда премьер-министрдин орун басары тосуп алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Борбор Азия мамлекет башчылары менен Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн Астана шаарына барды.

Мамлекет башчынын борту Казакстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары — өкмөт аппаратынын жетекчиси Галымжан Койшыбаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эл аралык аэропортто ардак кароол тизилди.