Өлкө башчынын Баткен облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы жакында Тажикстан менен болгон куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган Максат, Кулунду жана Орто-Боз айылдарынын тургундары менен жолугушту. Баткендиктерге жакындарын, үйүн жана соода объектилерин жоготкондорго жардам берүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. Президент ошондой эле Лейлек районундагы аскер шаарчасынын пайдубалын түптөөгө капсула салды жана «Бужум» аскер полигонунан кабар алды.