Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары кандай өттү? (видео)

Президент Садыр Жапаровдун 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады. Ал иш сапарын аяктап, 3-декабрда Бишкекке кайтып келди.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Дубайда БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

1-декабрда Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземине катышты. Ушул эле климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Андан кийин президент БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөп, анда келечек муундардын жашоосуна жакшы таасир тийгизиш үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн айтты. Мамлекет башчысы Адаптация боюнча глобалдык жыйынтык чыгаруу боюнча Жогорку деңгээлдеги комитеттин биринчи отурумунда «Тоолуу өлкө катары Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу» деген темада да сөз сүйлөдү.

2-декабрда президент БАЭге болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолугушту. Андан соң Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Abu Dhabi Future energy company PJSC- Masdar» жана «Électricité de France» компанияларынын ортосунда үч тараптуу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.