Садыр Жапаровдун Италияга жана Ыйык Тактыга (Ватикан) болгон расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Италияга жана Ыйык Тактыга (Ватикан) 2-4-октябрда болгон расмий сапары аяктады.

Сапардын алкагында 3-октябрда Римде Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Садыр Жапаров бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жылдагы биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу экенин белгиледи. Андан соң Киджи Сарайында президент Садыр Жапаровдун Италиянын Министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони менен расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөр да өттү. Ошол эле күнү мамлекет башчысы Италиянын Депутаттар палатасынын спикери Лоренцо Фонтана жана Италиянын Сенатынын спикери Иньяцио Ла Русса менен жолугушту. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Италиянын ишкер жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчынын расмий сапарынын алкагында Римде “Кыргызстан” паркынын ачылышы болуп, бизнес-форум да өттү. 4-октябрда Ыйык Тактыда Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск менен жолугушту. Ошондой эле Ватиканда Садыр Жапаров Ыйык Тактынын (Ватикан) мамлекеттик катчысы Пьетро Паралин менен жолугушуп, маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланды. Андан кийин Ватикан музейинде жана Ыйык Петр Соборунда экскурсия болду.
Расмий сапарын аяктап, 4-октябрда Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.