Садыр Жапаровдун кийими кайрадан эл көзүнө түштү

Бүгүн, 1-июнда президент Садыр Жапаров «Наристе» II эл аралык фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышып, сөз сүйлөдү.

Өлкө башчысы бул ирет да коомчулуктун көңүлүн кийип барган кийими менен бура алды. Соцтармактын колдонуучулары анын кийип барган костюмун дин кызматкерлери үчүн тигилип, таратылып жаткан формага опокшош экенин жазып жатышат.

Буга чейин мамлекет башчысынын кийиминин бренди жана баасы талкууланып келчү.