«Садыр Жапаровдун китебинин бет ачарына депутаттардан мен эле баргам» дейт Алмамбет Шыкмаматов

Мен 2005-жылы Текебаевдин жардамчысы болуп иштеп жүргөндө Садыр Жапаров депутат болчу. Экөөбүз теңтушпуз, жылыбыз бир дегендей. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып саясатчы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«2010-жылы министр болуп келдим. Ал киши депутат, комитеттин төрагасы эле. Анан иш тыгыз болуп, иш аркылуу көп сүйлөшүп, мен ал кишинин кабинетине барып, мыйзамдар боюнча телефон чалышчубуз. Садыр Жапаров ошондо эле энергиялуу киши болчу. Маселени бат-бат түшүнүп, жатык киши экен деп калгам. Жылуу мамиле ошондо калыптанып калган. Кийин куугунтукка алынды. Түрмөдө жүргөндө сүйлөшүп жүрдүк. Садыр Жапаровдун китебинин бет ачарына депутаттардан мен эле баргам», — деди ал.