Садыр Жапаровдун Татарстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 23-24-октябрда Татарстандын Казань шаарына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы XVI БРИКС саммитине катышты. Кеңейтилген форматтагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы өлкөнүн күн тартибинде турган негизги маселелерди чечүү боюнча жамааттык аракеттерге өз салымын кошууга даярдыгын жана элдердин жыргалчылыгы үчүн достукту жана өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн иш-чаранын катышуучулары менен көп пландуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди. XVI БРИКС саммитинин “аутрич” / “БРИКС плюс” форматындагы пленардык жыйынга БРИКС мүчөлөрү, чакырылган мамлекеттердин делегация башчылары катышты.

Иш сапарын аяктап, Садыр Жапаров 24-октябрда Бишкек шаарына кайтып келди.