Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 11-октябрда Түркмөнстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумга катышты.
Иш-чарага Армения, Иран, Пакистан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголиянын президенттери, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы, эл аралык уюмдардын жетекчилери, чет мамлекеттердин өкмөт мүчөлөрү, көрүнүктүү окумуштуулар, маданият ишмерлери жана дипломаттар катышты. Форумдун жүрүшүндө Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өлкө башчысы Садыр Жапаровду акындын 300 жылдыгынын урматына медаль менен сыйлады.
Андан соң Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Президент Түркмөнстанга болгон иш сапарын аяктап, 11-октябрда Бишкекке кайтып келди.