БШК Садыр Жапаровго спектакль үчүн эскертүү берген жок

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровго БШК эскертүү берген жок. Буга чейин БШКнын жумушчу тобунун жыйынында талапкердин Каракол шаарында шайлоочулар менен жолугушууда театралдаштырылган көрсөтүү коюлгандыгы тууралуу маселе каралган эле. Анда Жети акенин ролундагы актёрлор спектакль коюп, талапкерге бата бергени айтылган болчу. БШКнын жумушчу тобунун башчысы Гүлнара Журабаева айтымында, мыйзамга ылайык, үгүт кампанияларында театралдаштырылган көрсөтүүлөргө тыюу салынган. Талапкердин өкүлү жогорудагы окуя мыйзам бузуу экенин моюнга алганы менен Жапаровдун көрсөтүүнү уюштурууга эч кандай тиешеси жоктугун, ал элдин демилгеси менен болгонун билдирген. Жумушчу топ Жапаровго расмий эскертүү берүүнү БШКга сунуштамак болгон.

Кечээ, 5-январда БШК бул маселени караган учурда талапкердин өкүлү “иш-чаранын спектакль катары көрүнүүсү – бул субъективдүү пикир жана штаб андай тосуп алууну токтотуп калуусу мүмкүн эмес болчу” деди. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова иш-чара театралдаштырылган көрсөтүү эле катары көрүнүп турганын айтып, бул мыйзамсыз экенин билдирди. “Жолугушуунун уюштуруучусу жарандарга эскертүү кылышы керек эле. Видеодон талапкер үчүн спектакль күтүүсүз болгону байкалат. Уюштуруучу ишенимдүү өкүл болгону менен талапкер алардын аракеттери үчүн жооп бербейт”, — деди Шайлдабекова.

Жыйынтыгында добуш берүү учурунда көпчүлүк талапкерге эскертүү берүү сунушун колдогон жок.