Садыр Жапаров президенттикке талапкер болууга БШКга арызын тапшырды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн документтерин тапшырды.

Садыр Жапаров талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, чет мамлекеттин жарандыгы жоктугу боюнча жеке маалыматтарды карап чыгууга жазуу түрүндө макулдугун, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн тапшырды.

Кечээ, 13-ноябрда Садыр Жапаров «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде кыргыз тил сынагын берип, аны ийгиликтүү тапшырган. Тест лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт.

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.