Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинге Кыргыз мамлекетине көрсөтүп жаткан колдоосуна, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштөгү колдоосуна өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Сүйлөшүүнүн аягында Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн Орусия менен болгон мамилелерди мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын өңүтүндө өнүктүрүү ниети бар экенине ишендирди.

10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны жүрүп жаткан учурда Жапаров Путинден телефон аркылуу байланышып сүйлөшүүнү өтүнгөн эле.