Сайдулла Нышанов: «Матраимовду колдоп жүргөн Шайлообек Атазов сунуш менен орун басарым болуп дайындалды»

Райымбек Матраимовду колдоп жүргөн Шайлообек Атазовду «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин орун басары кылып дайындоону фракциянын депутаттары сунушташты. Анан мен алардын сунушун добушка салдым. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясына лидер болуп жаңы дайындалган депутат Сайдулла Нышанов СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Шайлообек Атазовду менин орун басарым болууга «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары сунушташты. Добушка салганда, Атазов өтүп, жыйынтыгында менин орун басарым болуп калды. Жалпысынан Атазовду орун басар кылып шайлоого 7 депутат катышкан. Алар аны шайлашты», — деди ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.