Салык жана бажы кызматтары 2022-жылдын январь айынын планын ашыгы менен аткарышканы маалымдалды

Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтары 2022-жылдын январь айы үчүн салыктарды, бажы жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча белгиленген планды ашыгы менен аткарышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Тактап айтканда, 30-январга карата Салык кызматы республикалык бюджетке 8 миллиард 574 миллион сом салык жыйнаган. Белгиленген план 106,4 пайызга, же 514,6 миллион сомго жогору аткарылган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 3 миллиард 436,1 миллион сомго көп чогултулган (өсүү темпи 166,9%).

Бажы кызматы тарабынан белгиленген пландын көлөмү 3 миллиард 359,8 миллион сом болсо, 2022-жылдын январь айында (бир күндү эсепке албаганда) 4 миллиард 368,3 миллион сом жыйналган. Белгиленген план 130 пайызга, же 1 миллиард 8,5 миллион сомго ашык аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 2 миллиард 388,4 миллион сомду түздү.