Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кызматтан кетүүгө өлкөгө импорттолгон мобилдик аппараттарды милдеттүү түрдө каттоо боюнча мыйзамды кабыл алуудагы кыйынчылыктар себеп болгон. Болжол менен бул орунга президенттин аппаратынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүн жетектеген Таалайбек Байтереков дайындалат. Бирок Байтереков журналисттерге бул маалыматты четке какты.