Саясатчы Равшан Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн арызын тапшырды

Бүгүн, 14-ноябрда саясатчы жана экс-депутат Равшан Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арызын тапшырды. Ал өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары документтерин берди.

Равшан Жээнбеков 50 жашта. Парламентаризмди туу тутуп, либералдык-демократиялык көз караштагы саясатчы. Ал Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы депутаты болуп шайланып келип, ошондон бери оппозициялык маанайда келе жатат. 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камакка алууга байланыштуу окуялардан кийин кармалган. АКШнын конгресси аны саясий туткун деп таанып, куугунтукка кабылганын билдирген. 6-октябрга караган түнү элдик толкундоолордон улам түрмөдө кармалган бир катар саясатчылардын катарында Равшан Жээнбеков да чыгарылган эле.