«Саясатка баруудан Кудай сактасын» дейт Алмазбек Атамбаев

«Менин саясатка кайтайын деген оюм болгондо, 2020-жылы эле УКМКны эл алганда отуруп алмакмын», — деди Алмазбек Атамбаев журналисттердин «саясатка кайтасызбы?» деген суроосуна жооп берип жатып.

«Айла жок, кээ бирде саясатка кайтып келет экенсиң. Саясатка баруудан Кудай сактасын. Мен тынч жашаган адаммын, бирок бирөө тийишип баштаса, жооп кайтарып көнгөм», — деди ал.