Шайлообек Атазов: «Экс-президенттер өлкөнүн өнүгүүсүн талкуулашса керек» 

Өткөн аптада Дубайда өткөн экс-президенттердин жана учурдагы президенттин жолугушуусунун талкуусу ушул күнгө чейин токтой элек. Эл ичинде жаралып жаткан бир топ суроолор менен депутаттарга кайрылдык.

Депутат Шайлообек Атазовдун айтымында, жолугушуу ниети туура болгон. «Журт башчыларынын биригүүсү жалпы кыргыз элинин келечегине болгон чоң өнүгүүгө таасири тиет деп эсептейм. Бир улут катары биригели, дүйнөлүк деңгээлде ордубузду табалы, улуттук баалуулуктарды көтөрөлү, бири-бирибизди чукулап жүрбөйлү деген ниет туура болгон. Экс-президенттер өлкөнүн өнүгүүсүн талкуулашса керек», — деди ал.