Шайлообек Атазов мандат маселесин көтөрүп, соттон акыйкаттыкты күтүп жатканын айтты

Депутаттык мандат үчүн сотто күрөшүп жаткан Шайлообек Атазов социалдык тармактагы баракчасына мандат маселеси боюнча маалымат берди.

«Бир ай мурун Бишкек административдик соттун судьясы Досалиев тарабынан мага берилген элдин ишенимин мыйзамсыз жокко чыгарып, Муртазалиевге мандат берүү боюнча адилетсиз чечим кабыл алынган. Бирок мындан эки жыл мурда Свердлов районунда болгон шайлоонун жыйынтыгында Муртазалиевди шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен кармалганын ИИМдин атайын бөлүмү изилдеп, далилдеп, андан соң бул боюнча Жогорку Соттун чечими чыккан. Ошондой эле, БШКнын акыркы мыйзамдуу чечимдери бар. Ал эми судья 3 органдын мындай чечимдерин баарын көзгө илбей аттап өтүп, өз билемдик менен мыйзамды одоно бузду!

3-апрель күнү саат 9:00 шаардык сотто арыз каралат. Сот ачык өтүп эл чындыкты билиши керек! Кыргызстандын депутатынын укуктарын чектөө атайын конституциялык мыйзам менен бекитилген. Ал беренелер боюнча менде бир да мыйзамсыз ишим жок. Эч кандай кылмышым да жок. Мыйзам боюнча административдик соттун судьясы биздин конституциялык укуктарды чектей албайт. Демек, эртеңки Бишкек шаардык сотунда чындык жана мыйзам гана үстөмдүк кылат деп ишенем», — деп жазды ал.