Шайлоого барбагандарга айып салуу. Депутат мыйзам долбоорун чакыртып алды

Депутат Тазабек Икрамов президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого келбеген жарандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алды. Бул тууралуу ал 29-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Мыйзам долбоорунда жүйөлүү себептери бар адамдарды кошпогондо, жарандарды шайлоого катышууга милдеттендирүү, болбосо шайлоочуларга 5 миң сом айып салуу сунушталган.