Шаардык кеңешке шайлоого үгүт иштери качан башталат? БШКнын жообу

Бүгүн, 28-майда БШКнын жыйынында 11-июлга белгиленген Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоонун календарлык планын бекитти. Үгүт иштери 21-июнда башталып, партиялар документтерин АШКларга 13-июнь күнү түн ортосуна чейин тапшырып, 20-июнга чейин каттоодон өтүшү керек.

Кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-июлга чейин чыгышы керек. Ошондой эле, шайлоого 48 миллион 344 миң сом керектеле турганы белгилүү болду. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө Бишкекте 20 миллион 105 миң, Ошто 6 миллион 615 миң, Токмокто 1 миллион 43 миң сом сарпталат. 

Буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоону 11-июлга дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгону маалым болгон.