Шакиев Алматы шаарына учуп кетти

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Алматы шаарына учуп кетти. Жыйындын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышына тиешелүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.
Ошондой эле төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.