Шакиев Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы менен жолугушту

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту.

“Эки өлкө ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп, экономикалык байланыштарыбызды да чыңдашыбыз керек. Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Анын ичинен Бишкек-Баку аба каттамынын санын дагы көбөйтүп, эки элдин алакасын арттыруубуз зарыл”, – деди төрага.

Жогорку Кеңештин төрагасынын расмий сапары парламенттер аралык кызматташтыкка эле эмес, өлкөлөр ортосундагы алакаларга да чоң таасир берерин белгилеген Сагиба Гафарова: “Котормочусуз эле баарлаша алгандыгыбыз биздин бир тууган эл экендигибиздин далили. Андыктан, боордоштук мамилелерди өнүктүрүп, парламенттеги тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагындагы байланыштарды да кеңейтишибиз керек”, – деди.
Шакиев парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты, “Азербайжан-Кыргызстан” парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Муса Гулиевге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.