Шакиев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн II парламенттер аралык форумуна катышты

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Хива шаарында уюштурулган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн II парламенттер аралык форумуна катышты.
Форумда сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев салтка айланган бул жолугушуу парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган уникалдуу аянтча экенин баса белгиледи. “Борбордук Азия – динамикалуу өнүгүп жаткан, стратегиялык жактан өтө маанилүү аймак болуп саналат. Андыктан коңшу өлкөлөр менен болгон байланышты бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз тарыхый байланышы терең беш өлкөнүн алакасын чыңдоого ар дайым кызыкдарбыз”, – деди.
Ошондой эле кызматташтыкты арттырууда парламенттердин ролу чоң экенин айткан төрага: “Акыркы жылдары парламенттер аралык байланыштар жигердүү өнүгүп, эки жана көп тараптуу алакалар, парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүк жаңы деңгээлге көтөрүлдү”, – деди. Буга Борбор Азия лидер айымдарынын диалогун жана “Борбордук Азия +” форматында өткөрүлүп келе жаткан жолугушууларды мисал кылды. “Бизде коңшу өлкөлөрдүн бардык багыттагы кызматташтыгын жана достук мамилесин өнүктүрүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Айрыкча бүгүнкү жолугушуу өз ара байланышты тереңдетүүдө өзгөчө мааниге ээ. Тагыраагы, парламенттик дипломатияны пайдалануу аркылуу өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык өнөктөштүктү өрчүтүүбүз кажет”, – деди төрага.
Муну менен Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абалга да учкай токтолгон Нурланбек Шакиев: “Бүгүнкү күндө экономикабыз туруктуу өнүгүп, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү менен көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууга өзгөчө көңүл бурулууда. Чет элдик инвесторлордун, анын ичинен коңшу мамлекеттердин катышуусу менен биргелешкен өнөр жай ишканалары түзүлүп, ири инфраструктура жана эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарында Чыгыш Азия-Европа коридорун кайра жандандырууга багытталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча биргелешкен мега-долбоорду белгилебей коюуга болбойт”, – деди.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, быйыл Кыргызстан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилеп жатканын айткан төрага: “Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” – дегендей, ар бир элдин басып өткөн өз тарыхы бар. Кылым карыткан кыргыз эли да өзүнүн улуу тарыхын жаратып, урпактарына мурас катары калтырып келет. Анын ичинен канатташ жашаган бардык калкттар менен боордоштук жана достук мамилени өнүктүрүү аталардан калган баалуу вазыйпабыз”, – деп кошумчалады. Андан тышкары, быйыл октябрда Өзбекстанда өтө турган парламенттик шайлоого ийгиликтерди каалаган төрага аталган саясий окуяга байкоо салуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары активдүү катышарын белгиледи. Сөзүнүн аягында Нурланбек Шакиев кийинки Борбор Азия өлкөлөрүнүн III парламенттер аралык форумун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.