Шакиев: «Чыңгыз Айтматов өз доорунун күрөө тамырын кармай билген залкар калемгер эле эмес, даанышман инсан болгон»

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз улуттук филармонияда улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган эл аралык конференция башталды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана КМШ өлкөлөрүнүн парламентинин спикерлери баштаган делегациялар катышууда. Андан тышкары, конференцияда коомдук-саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана жалпы эле жазуучунун чыгармачылыгын сүйгөн окурмандары болду.

Чыңгыз Айтматов өз доорунун күрөө тамырын кармай билген залкар калемгер эле эмес, даанышман инсан болгон. Татаал системанын курмандыгы болгон карапайым калктын турмушун, улуттук нарк-насилинен ажыраган элдердин аянычтуу тагдырын кылдаттык менен сүрөттөп, адилеттикти эңсеген адамдардын образы аркылуу ачып берген. Айрыкча, ал чыгармаларында дайыма баштан-аяк адамдык бийик сапаттарды даңазалайт. “Адам уулу качан Адам болот?” деген улуу суроонун тегеринде ой терметет”, – деди Нурланбек Шакиев.

Сөзүнүн соңунда КМШ ПААнын Кеңешинин чечими менен кезектеги Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык филология илимдеринин доктору, профессор, айтматов таануучу, улуу окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиевге ыйгарыла турганын маалымдады. КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ээсине 1 миллион сом да берилди.