Шакиев: «Дарыгерлердин айлыгы 70-80 миң сомдон кем болбошу керек»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы оорукананын курулуш иштери менен таанышты. Коңшулаш айылдарда жашаган 30 миңдей калкты тейлеген оорукананын курулушу 2019-жылы башталып, бирок кайрадан токтоп калган. 2022-жылы курулуш иштери уланып, учурда 80 пайыздык жумушу бүткөрүлдү.

“Дарыгерлердин маянасы көтөрүлүп, жакынкы аралыкта да жогорулатуу мерчемделүүдө. Себеби, улуттун саламаттыгы үчүн күрөшкөн адистердин айлык акысы 70-80 миң сомдон кем болбошу керек”, – деди Шакиев.

Муну менен катар курулуп жаткан имарат өз убагында бүткөрүлүп, бардык заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалышы керектигин коштоп барган жетекчилерге табыштаган Жогорку Кеңештин төрагасы бул маселени өз көзөмөлүнө аларын билдирди.