Шакиев Жогорку Кеңештин экинчи сессиясында аткарылган иштерди эсептеп өттү

Кечээ, 29-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин экинчи сессиясынын жабылуу аземи өттү. Төрага Нурланбек Шакиев аткарылган иштерге токтолуп, экинчи сессияда 75 жыйналыш өткөрүлгөнүн маалымдады.

“Жалпы 222 мыйзам долбоору жана 1394 токтом кабыл алынды. Анын ичинен биринчи жолу конституциялык макамга ээ “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алууга жетиштик. Муну менен катар Башкы прокурордун, Эсеп палатасынын жана Улуттук банктын төрагаларынын отчеттору каралып, Акыйткатчынын, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жасаган иштери боюнча маалымат алдык”, – деди.

Орчундуу маселелер боюнча 6 убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, иштегенин айткан төрага: “Бардык жыйындар ачык-айкын көрсөтүлүп, отурумдар түз эфирде чагылдырылды. Жогорку Кеңештин башкы максаттарынын бири эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, шайлоочулардын ишенимин актоо болгондуктан, жарандар менен да түздөн-түз иштөө жигердүү улантылды. Ар кандай жолугушуулар өтүп, депутаттар иш сапарлары менен аймактарга барып турушту. Ал эми тармактык комитеттердин көчмө жыйындары облус-райондордо байма-бай уюштурулду”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, эл өкүлдөрү саясий-экономикалык, социалдык жана сот-укуктук реформаларга өзгөчө көңүл буруп, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган мыйзамдарды күчтөндүрүү үстүндө иш алып барганын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Мындан ары да мамлекетибиздин мыйзамдык базасын чыңдоого, Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында каралган программалык милдеттерди ишке ашырууга аракет кылып, күчтүү мамлекет курууга умтулабыз”, – деди.