Шакиев: «Кандай гана тармак болбосун аялдардын салымы чоң»

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарында уюштурулган Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунун «Борбор Азиянын экономикасындагы аялдардын ролу: санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды илгерилетүү үчүн лидерлик» аталышындагы алгачкы жыйынына катышты.
Борбор Азиядагы лидер-айымдардын диалогу аймактагы аялдарды колдоо, алардын саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү ролун жогорулатуу максатында түзүлгөн алгылыктуу аянтча экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Кандай гана тармак болбосун аялдардын салымы чоң. Андыктан, гендердик теңчиликти камсыз кылууга жана аялдардын укуктарын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруубуз керек. Себеби, гендердик теңчилик адамдын негизги укугу гана эмес, тынчтыкка, бакубаттуулукка жана туруктуу өнүгүүгө жетишүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Мындан сырткары, айымдарды экономикалык, социалдык, санариптик жана экологиялык инновацияларды илгерилетүүгө тартуу маселеси да абдан актуалдуу”, – деди.
Муну менен катар Борбор Азия чөлкөмүндө, анын ичинен Кыргызстанда аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн алдыга жылдыруу багытында жасалып жаткан иштерге токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасы: “Биздин өлкөдө гендердик теңчилик маселелери бардык деңгээлдеги стратегиялык документтерде камтылып, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү негизги кадам катары каралууда”, – деп кошумчалады.
Мындан тышкары, быйыл эмгек чөйрөсүндөгү зордук-зомбулукту жана куугунтуктоону жоюу боюнча Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясы ратификацияланып, 2030-жылга чейин Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа бекитилгенин маалымдаган Нурланбек Шакиев: “Жогорку Кеңеш да мыйзам чыгаруучу орган катары аялдардын жана балдардын абалын жакшыртуу боюнча мыйзам актыларын иштеп чыгууга жана кабыл алууга бардык күч аракетин жумшоодо”, – деди. Буга кыргыз парламенти тарабынан кабыл алынган “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамды мисал кылды.
Сөзүнүн аягында иш-чаранын катышуучуларына ийгиликтерди каалаган төрага: “Бул жолугушуу учурдун актуалдуу, глобалдык маселелерин талкуулоого көмөкчү болуп, чөлкөмдөгү саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттырууга өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди.